Канаданын Онтарио аймагында эс алуучулар жүргөн жээкке аска урап, элдин үрөйүн учурду. Окуянын видеосу социалдык тармактарга тараган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, аска жээкте адамдар жүргөн учурда күндүз ураган. Тасмада суу жээгинде адамдар эс алып жүргөнүн көрүүгө болот. Анан бир заматтын ичинде чаң асманга сапырыла түшкөн.
Ал эми жабыркагандар тууралуу маалымат учурда такталууда.