Кечээ, 26-августта Тажикстандын учурдагы ажосу Эмомали Рахмондун кезектеги президенттик шайлоого талапкерлиги кайрадан көрсөтүлдү. Бул тууралуу жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.
Белгилей кетсек, Эмомали Рахмон азыр 67 жашта. Ал 1994-жылдан бери президенттик тактыда отурат. 1994, 1999, 2006, 2013-жылдагы шайлоолордо катышып, баарында жеңип чыккан.
Аталган өлкөнүн азыркы башчысынан тышкары дагы төрт адам президенттикке талапкерлигин койгон:
Рустам Латифзода – Агрардык партиясынан;
Абдухалим Гаффоров – Социалисттик партиясынан;
Саиджафар Усмонзода – Демократиялык партиясынан;
Рустам Рахматзода – Экономикалык реформалар партиясынан.
Эскерте кетсек, кезектеги президенттик шайлоо 11-октябрга белгиленген. Анда азыр жалпы 5 талапкер президенттик үчүн ат салышканы турат. Тажикстанда президент 7 жылга шайланат.