Орусиялык окумуштуулар коронавирус менен сасык тумоодон бирдей коргой ала турган уникалдуу вакцинаны даярдап жатышат. Бул тууралуу Алмазов атындагы улуттук медициналык изилдөө борборунун директору Евгений Шляхтондун билдиргенине таянып, орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, долбоор боюнча адистердин бир нече тобу иштеп жатат.
"Бул бириктирилген вакцина. Курамында коронавирустан жана сасык тумоодон коргоочу иммунитетти пайда кылган компоненттер бар", - деп билдирген Шляхтон.
Азырынча препарат иштеп чыгуу стадиясында турат. Адистер аны бейтаптарга сынап көрүп, башка да клиникалык изилдөөлөрдү жүргүзмөкчү. Ага кошумча окумуштуулар вакцина оң жыйынтыктарды бере баштаганын айтууда.
Эске салсак, буга чейин Орусия дүйнөдө алгачкылардан болуп коронавирустун вакцинасын иштеп чыгып, каттоого алганын жарыялаган. Вакцина "Спутник V" деген аталышка ээ болгон.