Орусияда коронавирустан сутка ичинде 121 бейтап каза болду

Орусиянын 85 аймагынан акыркы бир сутка ичинде 4 миң 711 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. 121 адам каза болсо, 6 миң 411 бейтап айыгып чыкты. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.

Маалыматка ылайык, сутка ичинде коронавирус инфекциясы аныкталган адамдардын ичинен:

Москва шаарында - 637 (айыккандар 1435);

Санкт-Петербург шаарында - 184 (айыккандар 65);

Москва облусунда - 148 (айыккандар 146);

Нижегород облусунда - 134 (айыккандар 188) адам жана калгандары башка аймактардан.

Бул көрсөткүч менен Орусиянын 85 аймагынан жалпы 975 миң 576 адамдан коронавирус аныкталды. Анын 16 миң 804ү каза болсо, 792 миң 561и айыгып чыкты.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AdylbekB84
2020-08-27 13:59:15
Москвада 1 айдан бери 2 эсе көп адам айыгып жатса дагы түгөнбөдү ооругандар!
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан