Италияда казакстандык туристтер эс алып жүргөн кеме чөгүп кетти

Италияда казакстандык туристтер бар кеме чөгүп кетти. Бактыга жараша баары аман-эсен калышкан. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Белгилей кетсек, өрт “Lady MM” үлгүсүндөгү 50 метрлик кемеде Капри аралынан Сардиния аралына бара жатканда башталган.

"Яхта күйө баштаганда ичинде 17 адам бар болчу. Анын сегизи казакстандык туристтер, тогузу экипаж мүчөлөрү. Бардыгы өз алдынча кемеден чыкканга жетишкен. Жээк күзөтү барганда алардын бардыгы кичинекей кайыкта болчу. Ошол жерден дароо эвакуацияланышты", - деп айтылат билдирүүдө.

Ал эми видеодо Жер ортолук деңиздин үстүндө кеменин жалындап күйүп жатканын көрүүгө болот. Өрт тез эле жайылып, кемени кара түтүн каптап, андан кийин чөгүп кеткен. Өрттү өчүрүүгө жээк күзөтүнүн эки катери жана тик учак тартылган.

Италияда казак туристтер эс алып жүргөн кеме чөгүп кетти
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан