Күндүзгү уйку адамдын ден соолугуна зыян жана жүрөк-кан тамыр ооруларынан жаралган өлүмдүн коркунучун жогорулатат. Мындай жыйынтыкка кытай окумуштуулары узак жылдарга созулган изилдөөлөрдөн кийин келишкен.
Кытайдын Гуанчжоу медициналык университетинин окумуштуулары күндүзгү уйку жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам жаралган өлүмдүн коркунучун жогорулатарын аныкташкан. Изилдөөгө 313 миң 651 адам катышкан. Анда күндүз 60 мүнөттөн көп уктагандардын 30 пайызы ар кандай оорулардан улам, ал эми 34 пайызы жүрөк-кан тамыр ооруларынан улам эрте өлүмгө дуушар болгон. Канча саат болбосун күндүзгү уйку өлүмдүн коркунучун 19 пайызга жогорулатары белгилүү болгон. Мындай көрүнүш өзгөчө аялдарда көп кездешкен. Ал эми түнкүсүн жакшы уктай албаган адамдар күндүз 60 мүнөткө чейин гана уктап алса, анда жүрөк-кан тамыр системинин иштешин жакшыртат деп билдиришкен окумуштуулар.