Өзбекстандык чиновник кыска байпак кийген эркектерди кумсага теңеди

Өзбекстандын "Муносабат" ток-шоу программасынын жүрүшүндө эксперттер өзбек калкынын моралдык ченемдерин жана улуттук баалуулуктарын сөз кылып жатып, жаштардын жыртык шым, эркектердин кыска байпак кийүүсүн талкууга алды. Бул тууралуу жергиликтүү маалымат булактарында жазылган.

Ток-шоуда эксперттер өзбек калкынын улуттук кийимдери бар экендигине карабастан, жаштар батышты туурап жыртык шым кийип жүрүшкөндүгүн айтып, бул улуттук баалуулуктарды сыйлабастыкка тете экендигин баса белгилешкен. "Байыркы Римде коомдон жана үй-бүлөсүнөн куугунтукталган адамдар жыртык кийим кийишкен. Ал эми Индияда эң төмөнкү кастадагы адамдар кийгендиги маалым. Ошондой эле азыр жаштар арасында эркек балдардын кыска байпак кийүүсү кыжырды келтирет. Батышта кыска байпакты кумсалар киет. Алар бири-бирин кыска байпагы, чач жасалгасы аркылуу таанышат", - деген Руханий жана агартуу мамлекеттик борборунун бөлүм башчысы, саясат илимдеринин кандидаты Мансур Мусаев.

Ошондой эле актёр Ёдгор Саъдиев маданиятка арналган программалардын биринде жаш жигит галстук тагынып, жыртык шым менен байпагы жок бут кийим кийип отурганын айтып, сынга кошулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
orun
2020-08-28 23:54:07
Туура айтыптыр
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан