"Фараондор, пирамида, күмбөздөр". 3D форматындагы музейге кош келгиле!

Пандемия күч алып жатканда египеттиктер "Музейге виртуалдык тур саякаты" деп аталган долбоорун иштеп чыккан. Ал долбоор бүгүнкү күндө да актуалдуулугун жогото элек деп жазышат жергиликтүү басылмалар.

3D форматындагы музей карантинге байланыштуу Египетке келе албай калган туристтер жана фараондор дооруна кызыккандар үчүн жасалып чыккан.

"Виртуалдык музейден артыкчылыгы ар бир адам дүйнөнүн кайсы бурчунда болбосун, белгилүү Египет пирамидаларына саякатка барып келүүгө мүмкүнчүлүк алгандыгында. Маселен, бул жолку виртуалдык музейге "Падышалар өрөөнү" деп аталган күмбөздөр киргизилген", - деп айтылат маалыматта.

1. Луксордогу Рамсес V менен Рамсес VI'нын көмбөзүнө баруу үчүн - бул шилтемени басыңыз.

2. Гизадагы Мересанх ханышанын жана Меннанын күмбөздөрү - бул шилтемени басыңыз.

3. Египеттеги белгилүү Кызыл Монастырга баргысы келгендер - бул шилтемени басыңыз.

Эскертүү! Виртуалдуу музейге шилтеме аркылуу киргенден кийин анда көрсөтүлгөн шакекчелерди басуу менен күмбөздүн ичине саякат жасаса болот.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
zzz---zzz
2020-08-28 23:42:33
Жакшы сонун экен мен карап чыктым
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан