Жайдын бүтөрүнө 3 күн калды деп кейип жатасызбы?

Дүйнө жүзүн дүрбөлөңгө салган коронавирус пандемиясы деп жатып жаздын, андан соң жайдын кандай өткөнүн деле билбей калдык окшойт. Адистердин айтымында, өлкөдө эпидемиологиялык абал турукташып, айыккандардын саны көбөйүүдө. Буга байланыштуу айрым чектөөлөр алынып, жашоо өз нугуна кайта баштады.

Борбор калаабыз Бишкек шаарынын көчөлөрүнө чыксаң, өз иштери менен кайдадыр шашып бара жаткан адамдарды эле көрөсүң. Бул да болсо өмүр уланып, баары өз калыбына түшүп жатканынан кабар берсе керек.

Чет элдик синоптиктердин айтымында, быйылкы күз айлары жылуу болот. Саратан жайдын илеби сентябрдын аягына чейин созулат. Октябрь айында абанын температурасы +20 градуска чейин көтөрүлүшү мүмкүн. Ноябрь айы дагы мурдагы жылдарга салыштырмалуу жылуу болушу күтүлүүдө.

Ал эми кыш болсо кылычын кайрап, ызгардуу суугу менен келери айтылууда. Бирок абанын температурасы адаттагы сууктардан төмөн түшпөй тургандыгын адистер баса белгилешкен. Бул илимий изилдөөлөргө таянган божомолдор гана, аба ырайы кандай болорун убакыт көргөзөт.

Сүрөттөргө көз салып, жайдын акыркы күндөрүнөн ырахат алыңыз. Сыртта аба ырайы кандай болбосун, жүрөгүбүздө болгон жылуулук эч качан өчпөсүн.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
-BOSS-
2020-08-28 16:49:23
Чет элдик синоптигиңе .....
Быйыл жылдагыдан эң ысык болот дештиле жай айы бороон чапкын болуп эле өтүп кетти го, Мокванын погодосындай болуп.
+1
sainazarov0555
2020-08-28 17:32:10
Аба-ырайын бир Аллах билет.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан