Индиянын окумуштуулары "B12" витамини коронавирустун көбөйүп кетишине бөгөт коё аларын аныкташты. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, адистер компьютердик моделдөө жүргүзүп, кайсы табигый азыктар менен дары-дармектердин молекулалары вирустун организминде өсүшүн басаңдатарын аныкташкан.
Натыйжада "В12" витаминини вирустук клеткалардын репликациясын басууга жөндөмдүү экендиги белгилүү болгон.
"Бул затты медициналык персоналга, кары-картаңдарга же түрдүү оорусу барларга вирусту алдын алуу максатында берсе болот", - деп айтылат маалыматта.
Деген менен окумуштуулар COVID-19дан жабыркагандарды дарылоо протоколуна өзгөртүүлөрдү киргизүүдөн мурда бир катар кошумча изилдөөлөр талап кылынарын белгилеген.