Германиянын Берлин шаарынын түштүк аймагына 16 гектар аянтты ээлеген автоунаасы жок шаар курулат. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышат.
Андагы маалыматка ылайык, шаар "Buckower Felder" деп аталып, экологиянын бардык талаптарына дал келет. Анын эң негизги өзгөчөлүгү автоунаалардын дээрлик жок болорунда. Ошондой эле жаңы шаарда 40 көп батирлүү үй курулуп, бак-дарактардын көп отургузулушуна, шаарды көрктөндүрүү иштерине көңүл бурулат. Ал эми шаар тургундары транспорт катары велосипедди колдонсо болот.
Шаардын курулушу 2021-жылга пландаштырылууда. Жалпысынан шаарды курууга болжол менен 3 жыл керектелет. 2024-жылы шаарда 900 батирдин курулушу даяр болот. Алардын ижара акысы болжол менен чарчы метрине 6,5-10 еврону түзмөкчү. Эксперттер шаардын келечеги ийгиликтүү болорун айтышкан, себеби учурда көпчүлүк шаардын ызы-чуусунан тажап, тынчтыкты жана таза экологиялык чөйрөдө жашоону каалашат.