Орусияда бир сутка ичинде 5 миңге жакын адам коронавирус жуктуруп алды

Орусияда сутка ичинде 4941 адамдан коронавирус инфекциясы аныкталды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин маалыматына таянуу менен жергиликтүү басылмалар жазып чыгышты.

Андагы маалыматка ылайык, вирус жаңы аныкталгандардын көбү Москва шаарында катталган (677), Санкт-Петербургда (189), Москва облусунда (163) жана калгандары башка аймактардан. Акыркы бир суткада 111 адам бул илдеттен каза болду.

Орусияда коронавирус катталган алгачкы күндөн бери 985 миң 346 адам илдетти жуктуруп алган болсо, каза болгондордун жалпы саны 17 миң 25 адамды түздү.

11-августта президент Владимир Путин коронавируска каршы дүйнөдөгү эң алгачкы вакцина катары "Спутник V" вакцинасы расмий түрдө катталгандыгын билдирген. Вакцинациядан алгач дарыгерлер өтөт. Буга чейин аталган вакцинанын инструкциясы жарыяланган болчу.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан