Кытайдын Шаньси провинциясында эки кабаттуу мейманкана урап, анын кесепетинен 13 адам каза болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, эки кабаттуу мейманкананын имараты бүгүн эртең менен ураган. Кырсыктын келип чыгуу себеби азырынча белгисиз. Куткаруучулар урандынын астынан 30 адамды алып чыгышкан. Каза болгондордун саны 13 адамды түздү. Урандынын астында дагы канча адам бар экендиги белгисиз. Алдын ала алынган маалыматтар боюнча, имарат кулаганга чейин 30дан кем эмес адамдын катышуусунда банкет болуп жаткан. Издөө-куткаруу иштерине 710дон ашуун куткаруучу тартылган.