17 жыл жашаган курт адамдын мээсинен чыгарылды

Кытайда 23 жаштагы жаран ден соолугу начарлагандыктан дарыгерге кайрылган. Анын мээсинде узундугу 13 сантиметр болгон тирүү курт бар экендигин аныкталган. Паразит 17 жыл анын башында жашагандан кийин операция жолу менен алынган. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Жаран 6 жашынан буту-колу кыймылсыз болуп калганын айтып, акыркы күндөрү денесинин оң жак бөлүгүнүн сезгичтигин жоготкондо гана медициналык жардамга кайрылган. Ал өзүнүн ыңгайсыздыгын генетикалык оору деп, эч качан дарыгерге кайрылган эмес. Ата-энеси да буга кош көңүл мамиле жасап келген.
Дарыгерлердин айтымында, курттун организмге киришин экзотикалык чийки этти - мисалы, бака же жыланды
жегенден улам болгон деп божомолдошууда
.
Буга чейин дарыгерлер он жылдан бери мите курт оорусунан улам башы ооруп келген америкалыктын мээсинен
чоң тасма куртун алып салышкан. Курт начар бышырылган чочконун этин жегенден жуккан деген тыянакка келишкен.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Belek1710
2020-08-30 17:55:11
Божомолдошуудан кийин эмне болду, басып калдыбы бала адам катары?
+7
Saidochka
2020-08-30 22:34:19
Belek1710,мен да ошону сурайын дедим эле;)
+2
orun
2020-08-30 22:45:31
Жөндөн жөн эле чочко, жылан, бака ж.б жаныбарлардын этин арам кылбаса керек. Адамга зыян болгон үчүн Кудай таалам арамды жебе деп тыю салган.
+15
nazira...
2020-08-30 22:52:37
Сакта мындай нерселерден кудайым.
+4
Tymar
2020-08-31 11:25:19
Жараткан Тенирим жакшылыктарда колдосун
-2
Dodon
2020-08-31 13:50:58
Tymar,Нет бога кроме Аллаха
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан