Тайвандын түндүк-чыгышында Синьчжу шаарында фестиваль болуп жаткан учурда батперек 3 жаштагы кызды абага учуруп кетти. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, кыз батперектин жибин кармап, абага учуп кеткенин ата-энеси байкабай калган. Анда ал 10 метрге чейин учуп, абада калкып, андан соң топтолгон эл кызды кармап калышкан.
Ата-энеси кызы нес абалда болгонун, бирок денесине эч кандай жаракат келбегендигин айтышкан.
Ал эми Синьчжу шаарында шамал көп болгондуктан, "шамалдар шаары" деп дагы аталып жүрөт.