Кытай менен Индиянын чек арасында кайрадан жаңжал чыкты

Кечээ, 30-августта Индиянын Ладакх аймагында индия жана кытай аскерлеринин ортосунда кайрадан атышуу болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, учурда жаңжалдан канча адам жабыркагандыгы такталып жатат. Өз кезегинде Индия кытай аскерлери тиешелүү чектен өтүп кеткендигин айтса, кытай тарап аскерлери көзөмөл чегинен өтпөгөндүгүн билдиришкен.

Бул эки өлкөнүн чек арасындагы Ладакх аймагында июнь айында дагы атышуу болгон. Анда Индия атышуудан 20 аскери каза болгонун билдирсе, Пекин каза болгон аскерлерин ачыкка чыгарган эмес.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
rysik79
2020-08-31 15:58:59
Бириң өрүк, бириң тал.
-3
zamir_kgz
2020-08-31 20:52:06
rysik79,Биздин чекарада ушундай болгон учурларда, бироолор бирин олуп бирин кал - десе жакшыбы? Жон эле тынччылык каалап койсонор болбойбу?
+3
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан