Эркин күрөш боюнча Дүйнө чемпиону, Орусиянын атынан "Токио-2020" жайкы олимпиада оюндарына лицензия уткан балбан Заурбек Сидаков үйлөнүү той өтүп жаткан учурда колуктусунун уяттуу сүрөттөрү тааныштарына келип, тойдон сүйрөп чыккандыгы кабарланган.
Ал үйлөнүп жаткан Мадина аттуу кыздын курбулары Мадина эч кандай жаман жолго барбаганын, ал жетишерлик үй-бүлөдө чоңойгонун, болгону машыгуучу залда фитнес-машыктыруучу болуп иштегенин айтышкан.
Курбуларынын айтымында, Мадина үч жыл мурун өзүнөн улуу адам менен сүйүү мамилесин курган. Бирок кийин анын үй-бүлөсү бар экендигин билгенден кийин андан баш тарткан. Ошол эле учурда кыздын курбулары күнөө Заурбек Сидаковдо экенин, экөөнүн таанышканына аз эле убакыт болгонуна карабай үйлөнүү чечимин кабыл алгандыгын билдиришкен.
25 жаштагы Мадина учурда байланышка чыга элек. Ал эми анын атасы окуядан кийин өзүн жаман сезип, ооруканага түшкөн.