Японияда бир жылда 69 килограммга арыктаган жаран ийгилик сыры менен бөлүштү

Япониялык блогер Руйбосу 69 килограммга арыктап, жаңы келбети менен күйөрмандарын таң калтырды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Блогердин салмагы башында 137 килограммга чейин жеткен. Ал формага келүүнү чечип, жашоо образын өзгөрткөн. Спорт менен машыгып, керексиз тамактардан баш тарткан.

"Алгач жөнөкөй көнүгүүлөрдөн баштадым, Бир нече айдан кийин, машыгууну кыйындатып кикбоксингге өттүм. Күжүрмөндүк менен 12 айдын ичинде булчуңдуу келбетке жетиштим. Үч айда 108 килограммга түшүп, дагы тогуз айдан кийин 40 килограммды таштадым", - деп жазган блогер.

Анын ийгилиги күйөрмандарды дени сак жашоого шыктандырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
AruuKasi
2020-09-01 12:46:44
4 айда 33 кг арыктадым арыктаганда жашоо 180° озгорот, семиздер арыктагыла так что.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан