Немея тонкотели (Pygathrix nemaeus) - маймылдар түрүнө кирет.
Алар Түштүк-Чыгыш Азияда, түндүк жана борбордук Вьетнамда, Лаосто байыр алышкан. Алар бийиктиги деңиз деңгээлинен 2 миң метр бийиктикте жайгашкан жаанчыл токойлордо жашайт.
Жаратылышты коргоо Эл аралык уюму маймылдын аталган түрүн жер жүзүндө жок болуп бараткан жаныбарлардын катарына киргизген.
Тонкотел маймылдары башкалардан айырмаланып жоош, оор басырыктуу көрүнүшөт. Туристтердин көбү аталган жаныбарларды "бейпилчиликтин символу" деп атап коюшкан.