"Технологиянын жетишкендиги". "Amazon" дүкөнү АКШда буюртмаларды дрон менен жеткирүүгө уруксат алды

Америкалык "Amazon" корпорациясы АКШнын федералдык башкармалыгынан буюртмаларды дрон менен жеткирүү үчүн уруксат сертификатын алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Ушул жылдын март айынан бери аталган программаны Дэвид Карбон башкарат. Ошондой эле Карбон сертификатты алуу маанилүү кадам деп эсептейт.

"Биз дронду аба майданында толугу менен жайылтуу үчүн технологиябызды иштеп чыгууну жана аны өнүктүрүүнү улантабыз. Мындан кийин жарым сааттын ичинде буюртма жеткирүүнү ишке ашыруу үчүн FAA башкармалыгы жана башка дүйнөдөгү көзөмөл органдары менен дагы кызматташмакчыбыз", - деген Карбон.

"Amazon" буюртмаларын 500 жерге эч кандай тоскоолдуксуз жеткиришкен.

Белгилүү болгондой, дрон менен буюртмаларды жеткирүү программасы 2013-жылы декабрда ишке киргизилген. 3 жыл өткөн соң Улуу Британияда биринчи жолу мындай жеткирүү кызматы колдонулган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
asyl1998
2020-09-01 14:18:58
Мына дуйно кандай жака озгоруп бара жатат. Билим-илим онуксун. Азыркы заманда бир гана билим-илимге гана ишениш керек, ар кайсы жомок, уламыштар менен жашабай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан