Орусиянын Свердлов облусунда көрүүчүлөргө оюн көрсөтүп жаткан каскадёр күйүп жаткан тегерек шакекчеден секирип өтөм деп кулап түштү. Окуянын видеосу интернет желесине тарады.
Маалыматка караганда, 29-август күнү Каменск-Уральский шаарында "Автоунаалар таймашы" аттуу шоу өткөн.
Анда иш-чаранын катышуучуларынын бири катуу жүрүп келе жаткан унаанын үстүнөн күйүп жаткан шакекке секирип кирүүгө аракет кылган. Бирок ал шакекчеге илинип калып, жыгылып түшкөн. Оюн-зооктун көрүүчүлөрү чочуп кетишкен. Анткен менен каскадёр дароо ордунан туруп кеткен.