Казакстандын президенти быйыл мамлекеттик кызматкерлердин санын 10 пайызга кыскартуу керектигин айтты

Казакстандын президенти Касым-Жоомарт Токаев 1-сентябрдагы кайрылуусунда быйыл мамлекеттик кызматкерлердин санын 10 пайыз, кийинки жылы дагы 15 пайызга кыскартуу керектигин билдирди. Бул тууралуу казак басылмалары жазып чыгышты.

Ошондой эле аткаминерлердин маянасы жогорулай турганын айтты.

Маалыматка ылайык, Токаев Ички иштер министрлигинин түзүмүн кайра карап чыгып, мекемени "өзүнө ылайык келбеген милдеттерден арылтууну" тапшырды. Анын алкагында Чукул кырдаалдар министрлигин кайра түзүүнү сунуш кылды.

Бул министрлик 2014-жылы Нурсултан Назарбаев бийликте турганда жоюлган жана мекеменин ыйгарым укуктары негизинен ИИМге өткөрүлүп берилген, анын алдында Чукул кырдаалдар боюнча комитет түзүлгөн.

Казакстанда ИИМди реформалоо тууралуу чакырыктар бир канча жылдан бери эле айтылып келет. Жарандык активисттер менен укук коргоочулардан турган топ атайын сунуштарды даярдап жөнөткөнү менен андан майнап чыкпай келген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан