Трамп: "Байден президент болсо, өлкөдө төңкөрүш болот"

АКШнын президенти Дональд Трамп Жозеф Байден президент болуп шайланса, өлкөдө радикалдык күчтөр тарабынан уюштурулган төңкөрүш орун ала турганын айтты. Бул тууралуу ал жергиликтүү телеканалга маек берип жатканда билдиргенин чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

"Эгер Байден келсе, алар бийликти алып коюшат. Байден алсыз адам. Аны куурчактай кылып башкарып коюшат. Төңкөрүш орун алат", - деп билдирген Трамп.

Белгилүү болгондой, Жозеф Байден АКШнын демократиялык партиясынан президентикке талапкер болууда. Ал эми Дональд Трамп республикачылардын партиясынан расмий түрдө өз талапкерлигин көрсөткөн.

Быйыл 3-ноябрда АКШда президенттик шайлоо өтөт. Анда президенттик так үчүн 74 жаштагы Трамп жана 78 жаштагы Жозеф Байден ат салышмакчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Mylatka..
2020-09-02 09:26:44
Радикалдык кучтордун Ана башчысы ОЗУ болот да Трамп аке )))
+2
Majit1975
2020-09-02 13:06:41
Жаштар жок бекен а
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан