Орусияда коронавируска каршы эң күчтүү иммунитет 13 жашка чейинки балдарда болору аныкталды. Бул тууралуу Роспотребнадзорго таянуу менен орусиялык басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, июнь-август айларында Орусиянын 26 субъектисиндеги 71,8 миң адам текшерүүдөн өткөн.
"Иликтөөнүн жыйынтыгында 11 региондо жашагандардын жамааттык иммунитетинин деңгээли 20 пайыздан ашыгыраак болгон. Ал эми эң жогорку деңгээли мектепке чейинки (1-6 жаштагы) жана мектеп курагындагы 7-13 жаштагы балдардан аныкталган. Бул курактагылардын көрсөткүчү аймактагы жамааттык иммунитеттин орточо деңгээлинен 1,3 - 2,1 эсеге көбүрөөк болгон", - деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле калктын социалдык-кесиптик түзүмүндө саламаттыкты сактоо жана билим берүү тармактарынын кызматкерлеринин иммунитети күчтүрөөк экени айтылган.