Чеченстандын башчысы Рамзан Кадыровдун 21 жаштагы улуу кызы Айшат Кадырова өлкөнүн маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
"Достор, Айшат Кадырова Чеченстан Республикасынын маданият министринин биринчи орун басары болуп дайындалды. Чын жүрөктөн анын жашоосундагы кезектеги маанилүү иши менен куттуктайм. Кызымды бул кызматка даярдоо чечими салмактуу эле болду. Анын тажрыйбасы көп", - деп жазган Кадыров.
Айшат Кадырова көп жылдан бери "Firdaws" мода дүкөнүн башкарып келет.