Японияда премьер-министрлик кызматка талапкерлер көрсөтүлүүдө

Япония Синдзо Абэнин премьер-министрлик кызматтан мөөнөтүнөн мурда кетип жатканына байланыштуу жаңы лидерди тандоо алдында турат. 2-сентябрда азыркы министрлер кабинетинин башкы катчысы, өлкөдөгү экинчи киши саналган Ёсихидэ Суга бийликтеги Либерал-демократиялык партияны жетектөө үчүн талапкерлигин көрсөттү. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, 71 жаштагы Суга либерал-демократтардын жети фракциясынын бешөөнүн колдоосун алганы белгилүү болду.

Ал эми 1-сентябрда мурдагы коргоо министри Сигэру Исиба да партия лидерлигине талапкерлигин көрсөткөн.

Ошондой эле башкаруучу партияны жетектөө ниетин мурдагы тышкы иштер министри Фумио Кисида да билдирип, өлкөдөгү жакырчылык менен социалдык теңсиздикке көңүл бөлүүгө убада кылууда.

Белгилей кетсек, жаңы премьерлик кызмат 14-сентябрдагы добуш берүүдөн кийин белгилүү болот.

Эске салсак, 2012-жылдан бери Японияны башкарып келген премьер-министр Синдзо Абэ ден соолугуна байланыштуу кызмат ордун бир жыл эрте тапшырууда.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан