Орусиялык саясатчы Жириновский COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтты

Орусиянын Либералдык-Демократиялык партиясынын лидери (ЛДПР) Владимир Жириновский коронавируска каршы вакцина алды. Бул тууралуу саясатчы өзүнүн интернеттеги баракчасына жарыялаганын орусиялык басылмалар жазып чыгышты.

"Спутник V" вакцинасынан кийин өзүмдү эң сонун сезип жатам. Экинчи этабын 20-сентябрда сайышат. Препаратты сыноонун үчүнчү этабы аяктаганда массалык түрдө эмдөө башталат деп жатышат. Мен дал ушул үчүнчү этаптын алкагында вакцина алдым", - деп билдирген Жириновский.

Коронавируска каршы дүйнөдөгү алгачкы вакцинаны Орусиядагы Гамалея атындагы илимий борбордун адистери иштеп чыккан. Учурда вакцина сыноонун үчүнчү этабынан өтүп жатат.

Орусиялык саясатчы Жириновский COVID-19га каршы вакцина алып, өзүн кандай сезип жатканын айтып берди
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Nurbany
2020-09-03 08:45:32
Супер инфо сиздерден суранабыз стздерге жибергег видео боюнча жооп алып бериниздерчи
+1
Nurbany
2020-09-03 08:46:25
Таластын мэриясы оторбаев,Манас кочолорун жонго салып берсин
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан