Орусияда 13 жашында төрөгөн кыздын баласынын атасы аныкталды

Орусиянын Красноярск аймагында 13 жаштагы секелек кыздын төрөгөнү интернет желесинде кызуу талкууга алынган. Анткени наристенин атасы секелек кыздын 10 жаштагы досу болгондугу кабарланган. Ал эми ымыркайдын атасы 10 жаштагы бала эместигин аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эксперттер бул окуяны туура эмес деп эсептешкен. Себеби 10 жаштагы бала ата боло албайт. Бирок кийинчерээк кыз 15 жаштагы өспүрүм аны зордуктаганын айткан. Чындыкты билүү үчүн генетикалык экспертиза дайындалып, анын жыйынтыгында 15 жаштагы өспүрүм чындыгында баланын атасы экендиги аныкталган.

"Ушундай коркунучтуу кырдаал болсо дагы, кош бойлуу болгонума эч качан өкүнбөйм", - деген 13 жаштагы кыз.

Учурда ал окуусун үйдөн улантып жатат. Ымыркайды кароого анын чоң апасы жардам берүүдө. Ал эми 15 жаштагы өспүрүм учурда эркиндикте.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан