Бириккен улуттар уюму балдар үчүн жашоого эң мыкты өлкөлөрдү атады

Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду жүргүзгөн изилдөөсү менен балдардын бакубаттуулугу боюнча өлкөлөрдүн рейтинги жарыяланды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, эксперттер дүйнөнүн 41 өлкөсүндөгү балдар арасындагы психикалык жана физикалык ден соолук, академиялык даярдык жана социалдык көндүмдөрдүн көрсөткүчтөрүн салыштырып көрүшкөн.

Изилдөөнүн жыйынтыгында адистер биринчи орунга Нидерландия өлкөсүн коюшкан. Аталган өлкөдө балдар өзүн эң жакшы, бакубаттуу сезишет деген тыянакка келишкен.

Фонд түзгөн жалпы рейтингдеги экинчи жана үчүнчү орундарды Дания менен Норвегия ээлесе, төртүнчү жана бешинчи орунду Швейцария менен Финляндия ээлеген.

Нидерландия мындан сырткары балдар өз жашоосуна эң көп канааттанган өлкөлөрдүн тизмесинде биринчи орунду ээлейт. Мындай балдардын бул өлкөдөгү үлүшү 93 пайызды түзөт.

Балдардын жашоосунан канааттануунун жогорку деңгээли Мексикада 86 пайыз, ал эми Румынияда болсо 85 пайыз, Финляндияда 84 пайыз, ошондой эле Хорватия, Швейцарияда, Испанияда жана Литвада 82 пайыз катталган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Genka
2020-09-04 09:16:24
Биздин балдардын келечегин тойбостор жеп бутойун деп калды
+4
Ka2sr1
2020-09-04 12:17:48
Европа олколордундо бир эле жашоо турмушу эмес, адамдардын жашоо маданияты да абдан жогору. Элдин ан сезиминде толеранттуулук, чыдамдуулук деген бекемделген. Бизде эки жуздуулор коп, коро албастар, эркектер аял кишинин кийимин андып эле журушот. Бироонун байлыгын, оокатын таптып алмай.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан