БУУ Нидерландыны 41 өлкөнүн ичинен балдардын жашоосуна эң ылайыктуу өлкө деп атады

Бириккен улуттар уюмунун балдар фонду (ЮНИСЕФ) балдардын жашоосуна эң жагымдуу болгон өлкөнү атады. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Анда айтылгандай, мындай изилдөөнүн жыйынтыгында Нидерланды тизменин сап башына чыкты. Экинчиликте Дания орун алса, үчүнчүдө Норвегия жайгашкан.

Эксперттердин айтымында, изилдөөдө балдардын психикасы, физиологиялык саламаттыгы, социалдык көндүмдөргө даярдыгы эске алынган.

Изилдөөгө 41 өлкө катышкан. Анын жыйынтыгында башка өлкөлөргө салыштырмалуу Нидерландыда балдар жашоосуна жагымдуу өлкө деген тыянакка келишкен.

Изилдөөнүн жыйынтыгында:

  • Нидерланды;
  • Дания;
  • Норвегия;
  • Швейцария;
  • Франция.

Мындай сырткары Нидерланды өз жашоосуна ыраазы болгон өлкөлөрдүн катарында дагы алдыңкы сапта турат.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Ka2sr1
2020-09-04 13:16:55
Европадан уйронучу нерсе абдан коп. Озгочо эл маданияттуу.
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан