Индиялык ырчы Дидар Каур менен аткаруучу Шахид Маллиа Кыргыз өлкөсүндө тартылган музыкалык клибин жарыялашты. Бул тууралуу клиптин башкы каармандары социалдык тармактагы баракчасына жазып чыгышкан.
Аталган клип "Chadeya Fitoor" ырына тартылган. Клип 4 күн ичинде 3,8 миллион көрүүчүгө ээ болгон.
Маалыматка ылайык, клипте башкы ролдорду Болливуд жылдызы Шивин Наранг менен модель Вартика Сингх аткарган.
Аталган клип Бишкекте быйыл март айында тартылган.