Түркиянын соту Стамбулдагы түнкү клубда террорчулук жасаган өзбек тектүү Абдулгадир Машариповду өмүр бою эркинен ажыратуу өкүмүн чыгарды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазышууда.
Машарипов 39 адамды атайылап өлтүргөнү үчүн 40 жылга, ал эми 79 адамды өлтүрүүгө аракет кылгандыгы жана ок атуучу куралды мыйзамсыз колдонгону үчүн 1368 жылга эркинен ажыратылган.
2017-жылдын 1-январына караган түнү Машарипов Босфордун жээгиндеги Рейна клубунда автомат менен ок чыгарган. Анын натыйжасында 39 адам каза болуп, 65 адам жаракат алган. Ал кылмыш болгон жерден качып кетүүгө үлгүргөн. Эки аптадан кийин кармалган.