Орусиялык актёр Михаил Ефремовго карата сот чечим чыгарды. Анда сот актёрду күнөөлүү деп таап, 8 жылга эркинен ажыраткан. Ошондой эле ал сот залынан камакка алынган. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
8-июнда Москва шаарынын борбордук көчөлөрүнүн биринде актёр Михаил Ефремов мас абалында унаа башкарып бара жатып, каршы тилкеде келе жаткан кичи жүк ташуучу Lada унаасы менен сүзүшкөн. Lada унаасынын айдоочусу ооруканадан каза болгондугу кабарланган. Кийинчерээк ал күнөөсүн моюнуна алганы айтылган.