Орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы жакшырып, комадан чыкты

Эки аптадан ашуун убакыттан бери эс-учун билбей, Германиядагы ооруканада дарыланып жаткан орусиялык оппозициячыл саясатчы Алексей Навальныйдын абалы кыйла оңолуп, комадан чыкты. Бул тууралуу Берлиндеги "Шарите" ооруканасынын маалыматына таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.

Ага ылайык, Навальный жасалма дем алдыруучу аппараттан чыгарылып, айланасындагыларга реакция кыла баштады.

"Шарите" ооруканасынын дарыгерлери Навальный атайын уулуу зат менен ууландырылганын аныкташкан.

Эске салсак, орусиялык оппозициячыл саясатчы 20-августта эртең менен Томск шаарынан Москвага учак менен баратып, өзүн жаман сезип, эс-учун жоготкон. Учак Омск шаарына чукул конуп, Навальный "Тез жардам" менен ооруканага жеткирилген.

Навальный 22-августта атайын учак менен Германияга жеткирилген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (2)
Formosa
2020-09-09 11:12:01
Живите, Алексей! Восхищаюсь вашей командой!
-1
Mylatka..
2020-09-09 11:22:07
Чындыгында оппозиционер болгон адам ?!Кээ бири бийликтин жасалма оппозиционер и .
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан