"Каза болгондор бар". Ооганстандын вице-президентине кол салуу болду

Бүгүн, 9-сентябрда Ооганстандын вице-президенти Амрулла Салехке жумушуна бара жаткан учурда кол салуу болду. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда.

Андагы маалыматка ылайык, Амрулла Салех эртең менен жумушка өз унаасында бара жатканда жанындагы жардыруучу каражат орнотулган унаа жарылган. Вице-президент аман калды, тилекке каршы, жарылуудан 10дой адам каза болуп, 16 адам жаракат алган. Каза болгондордун арасында Амрулла Салехтин жан сакчылары дагы бар экендиги айтылууда.

"Бүгүн Ооганстандын душмандары Амрулла Салехти өлтүрүүгө аракет кылышты. Бирок алардын арам ою ишке ашкан жок", - деген вице-президенттин өкүлү Разван Мурад.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан