Өзбекстанда карантин жеңилдетилгенден бери коронавирус жуктургандар көбөйүүдө

Өзбекстандын Саламаттыкты сактоо министрлиги калктан кайрадан коронавируска каршы коргонуу эрежелерин так сактоону суранды. Бул тууралуу аталган өлкөнүн басылмалары жазып чыгышты.

"Карантиндик чаралардын жеңилдетилиши өлкөдө коронавирустук инфекция азайгандыгын жана адамдар сактануу чараларын унутуп, каалаган жерине бара алат дегенди билдирбейт", - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле Ташкенттеги "Тез жардам" станциясынын башкы дарыгери Умидулло Рискиев сентябрь айынын биринчи жумасында "Тез жардам" кызматына чалуулар көбөйгөнүн белгилеген. Тактап айтканда, аталган борбордун "Тез жардам" кызматына августтун акыркы 7 күнүндө келип түшкөн чалуулардын жалпы саны 18 миң 316 болсо, сентябрь айында 7 күн ичинде 19 миң 707 чалуу келип түшкөн.

1-7-сентябрь күндөрү келип түшкөн чалуулардын 31,2 пайызы дене табынын көтөрүлүшү менен, 15,7 пайызы курч респиратордук оорулар менен жана 4,1 пайызында пневмониянын белгилери болгон.

Мунун негизинде Саламаттыкты сактоо министрлиги калкты сак болууга жана ар бир жаранды коронавируска каршы коргонуу эрежелерин так сактоого чакырды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан