Улуу Британиянын ханзаадасы Гарринин жубайы Меган Маркл "Оскар" сыйлыгын алууну көздөйт. Бул тууралуу чет элдик басылмалар жазышууда. Маркл мындай максатты 7 жашында койгонун жана "Netflix" компаниясы менен түзгөн келишими анын кыялдарын орундатууга жакындатарына ишенерин белгилеген.
"Оскар - Меган Маркл эңсеген нерсе. Ал жети жашынан эле күзгүнүн алдында туруп сүйлөгөндү үйрөнүп, кол тамга коюуга да даярданган", - деген анын жакындарынын бири.
Буга чейин ханзаада Гарри менен жубайы Меган Маркл продюсердик компания түзүп, "Netflix" сервиси менен эксклюзивдүү макулдашууга кол коюшкандыгы маалымдалган. Келишимдин шарттарына ылайык, жубайлардын продюсердик компаниясы документалдык, көркөм тасмаларды жана сериалдарды, ошондой эле балдар үчүн бир нече жыл бою улана турган программаларды тартат. Түшкөн каражат жапайы жаныбарларды сактоо жана коргоого арналган кайрымдуулук уюмунун эсебине которулат. Өндүрүштү каржылоону "Netflix" камсыздайт.