Кандагы D витамининин деңгээлинин төмөндүгү эркектер арасында бир катар ооруларга жана мезгилсиз өлүмгө алып келиши мүмкүн. Бул тууралуу окумуштуулардын изилдөөсүнө таянып, чет элдик басылмалар жазып чыгышты.
Маалыматка ылайык, Левендин (Бельгия) католик университетинин окумуштуулары 40-79 жаш курактын аралыгындагы 1 миң 970 эркек кишиге изилдөө жүргүзгөн. Анда адистер катышуучулардын жаш курагына, салмагына, тамеки тарткан, тартпаганына жана ден соолугуна жараша D витамининин метаболиттеринин деңгээлин салыштырып көрүшкөн.
"Натыйжада метаболиттердин деңгээли жүрөк-кан тамыр оорулары, рак жана остеопороз сыяктуу оорулардын көбөйүшүнө, ошондой эле эрте өлүмгө байланыштуу экени белгилүү болгон. D витамини адамга керектүү заттардын бири. Ал жетишпегенде адамдын сөөгү жумшарып, улгайганда остеопороз дартына чалдыгат",- деп айтылат маалыматта.