Австралиянын жашоочусу жолдошу белекке берген лотерея билетинен 4 миллион австралия долларын утуп алды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.
Анда жазылгандай, Австралиянын тургуну лотереядан 4 миллион австралия долларын (болжол менен 209 миллион сомдун тегереги) утуп алган. Ага туулган күнүндө жолдошу лотерея билетин "сага бакыт алып келет" деп тамаша иретинде гана берген.
Мындай кубанычтуу окуяга туш болгон айым абдан кубанганын айтып, азык-түлүк сатып алууда, ашкананы оңдоп-түзөө иштери жана үй-бүлөсү менен саякаттап келүүдө каражат тууралуу ойлонбостугун айткан.
"Кимдир-бирөөлөр бул акчага жаңы үй сатып алуу тууралуу айтып жатышат. Бирок мен жаңы ашкана менен баштайын деп турам", - деген ал.
Ал дагы деле бул укмуштуу окуяга ишене албай жатканын, бирок анын жашоосунда мындай окуя биринчи жолу болуп жатканын кошумчалаган.