Өзбекстанда 8 айда коронавируска караганда жол кырсыгынан каза тапкандар көп катталды

Коңшу Өзбекстанда 8 айда коронавируска караганда жол кырсыгынан каза тапкандар көп катталды. Бул тууралуу Өзбекстан ИИМнин Жол коопсуздугу боюнча башкы башкармалыгына таянуу менен жергиликтүү маалымат булактары жазышты.

Маалыматта январь айынан август айына чейин аталган өлкөдө 3 миң 596 жол кырсыгы катталганы айтылат.

"Бул жол кырсыктарынан 991 адам каза болгон. 2 миң 605 адам кырсыктан ар кыл деңгээлдеги жаракат алышкан.

Жол кырсыктарынын 1 миң 528и жөө жүргүнчүлөр, 619у балдар жана 471и велосипедчендердин катышуусунда болгон", - деп жазылат маалыматта.

Расмий маалыматтар боюнча, Өзбекстанда пандемия башталгандан бери коронавирустан 360 киши кайтыш болгон.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан