Ага ылайык, укук коргоочулар Кытайдагы оюндар бул өлкөдөгү адам укуктарынын абалы начарлаган сайын Олимпиада кыймылына залакасын тийгизерин айтышкан.
"Укук коргоочулар бул боюнча Олимпиада комитетине кат жөнөткөн. Кытай бийлиги 160тан көп уюм кол койгон кайрылуу катынын авторлорун “спортту саясатташтырып” жатышканы үчүн айыптады. Авторлордун катарында кытайлардын, улуттук азчылыктардын, уйгурлардын, тибеттиктердин жана монголдордун укуктарын коргогон уюмдар да бар.
Эл аралык Олимпиада комитети кат боюнча азырынча комментарий бере элек. Буга чейин Associated Press агенттигинин уйгурлардын укуктары боюнча суроосуна жооп берип жатып, уюм оюндарды кабыл алчу өлкөнү тандоо менен ал жактагы саясий структураны, социалдык окуяларды же адам укуктары жаатындагы стандарттарды колдобой турганын айтып жооп берген" , - деп жазылат маалыматта.
2022-жылы өтө турган кышкы Олимпада оюндары коңшу Кытайдын Пекин шаарында өтөт.