"Оскар" сыйлыгын алуу үчүн жаңы талаптар киргизилди

Белгилүү "Оскар" сыйлыгы "Эң мыкты тасма" наамын ыйгарууга байланыштуу жаңы талаптарды киргизди. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазып чыгышты.

Маалыматка ылайык, билдирүүдө талаптар "расалык, сексуалдык жана башка гендердик өзгөчө адамдарга экранда адилеттүү орун берилишин" камсыздай турушу керектиги айтылган.

"Ошол себептүү башкы же экинчи пландагы ролду теги африкалык, азиат, латын америкалык, Жакынкы Чыгыштын жалпы эле улуттук топтун өкүлү ойноого тийиш. Актёрлордун 30 пайызы аялдар, расалык же этникалык жана башка өкүлдөр, мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар болушу шарт. Фильмдин негизги мазмуну же темасы да аталган топтордун көйгөйүнө тийиштүү болушу керек. Аталган өкүлдөр тасмада гана эмес, аны тартуучу топто, менеджментте иштегени да эске алынат", - деп жазылат маалыматта.

Белгилей кетсек, жаңы талаптар 2024-жылдан тарта иштей баштайт.

Ага ылайык, 2022-2023-жылдары кинокомпаниялар сыйлыкка сунуштачу тасмалары жогорудагы талаптарга жооп берерин тастыктаган документтерди тапшырышы керек. Ал эми "Жылдын мыктысы" наамына ат салышкан тасмалар жогорудагы талаптардын жок эле дегенде экөөсүн аткарууга тийиш.

Американын киноиндустриясын өнүктүрүү максатында негизделген сыйлык 1940-жылдары “Оскар” деген аталышка ээ болгон. “Оскар” сыйлыгы жыл сайын АКШнын Лос-Анжелес шаарындагы “Долби” театрында өтөт. Бул сыйлыкты 1929-жылы "Metro-Goldwyn-Mayer" киностудиясынын башчысы Луис Барт Майер негиздеген.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан