Индонезияда батперектен кулаган өспүрүм ооруканага жаткырылды

Индонезиянын Жокьякарта аймагында өспүрүм чоң батперектен кулап, ооруканага жаткырылды. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмалар жазышууда.

Жабырлануучу өзү жана достору курган ажыдаар формасындагы 50 метрлик батперекти учурушкан. Ал бир нече секундга созулуп, өспүрүм үч метрге чейин көтөрүлгөндө кулап түшкөн. Ал жерге жыгылып билегинен жана жамбаш сөөгүнөн жаракат алган.

"Азыр батперектерди учуруу мезгили, андыктан балдар аларды жасап, учканга аракет кылып жатышат", - деп түшүндүргөн окуя болгон айылдын башчысы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан