Бүгүн, 11-сентябрга карата дүйнө жүзүндө коронавирус инфекциясын 28 миллион 47 миң 828 адам жуктуруп алды. Анын ичинен 18 миллион 893 миң 132 бейтап айыгып чыкса, 907 миң 377 (+7138) адам каза болду.
Коронавирус эң көп катталган өлкөлөрдүн сап башында АКШ турат. Бул өлкөдө жалпы 6 миллион 396 миң 47 адамдан коронавирус аныкталды. 191 миң 769 адам каза болсо, 2 миллион 403 миң 511 бейтап айыгып чыкты.
Экинчи орунда Индия өлкөсү турат. Бул жакта коронавирус инфекциясы 4 миллион 465 миң 863 адамдан аныкталды. 76 миң 62 адам каза болсо, 3 миллион 471 миң 783 бейтап айыкты.
Ал эми Бразилия өлкөсү үчүнчү орунда. Бразилияда 4 миллион 238 миң 446 адам вируска кабылган. 129 миң 522 бейтап көз жумса, 3 миллион 654 миң 333 бейтап оорудан сакайды.
Жогорудагы маалымат АКШдагы Жон Хопкинс атындагы университеттин сайтынан алынды. Аталган булак Саламаттыкты сактоо боюнча дүйнөлүк уюм, коронавирус катталган өлкөлөрдүн Саламаттыкты сактоо министрликтери берген маалыматка таянып, сутка ичинде бир канча ирет жаңылоо менен вирустун тарашы боюнча статистиканы көзөмөл кылып жатат.