Бүгүн, 8-апрелге карата өлкөдө коронавирус менен дагы 42 жаран жабыркап жатканы аныкталды. Муну менен ооругандардын жалпы саны 270ке жетти.
Саламаттыкты сактоо министри Сабиржан Абдикаримов онлайн маалымат жыйында "канча медицина кызматкери обсервацияга алынды?" деген суроого төмөнкүчө жооп берди.
"Жалал-Абад шаарындагы жугуштуу оорулар ооруканасында иштеген бардык кызматкерлер коронавируска чалдыкканы аныкталды. Бүгүн, 8-апрелде биз оорукананы жаап туруп, ал жакта дезинфекция иштерин жүргүзөбүз. Ош облустар аралык ооруканасынын бир корпусун бошотуп, балдардын жугуштуу ооруларына атайын койкалар дайындалат.
Ал эми дарыгерлер жакын байланышта болгон үй-бүлө мүчөлөрү обсервацияга алынып, дарыгерлердин баары үй карантинине жаткырылды", - деди министр Абдикаримов.