Сезон болбойт. Бишкек шаарындагы Пионер жана Комсомол көлдөрү убактылуу жабылды

Бишкек шаарындагы учурдагы эпидемиологиялык кырдаалга байланыштуу шаардагы Пионер жана Комсомол көлдөрү убактылуу жабылды. Бул тууралуу SUPER.KG порталына мэриядан билдиришти.

"Өлкөдө, шаарда эпидемиологиялык абал курч болуп жатканына байланыштуу Пионер жана Комсомол көлдөрүн убактылуу жаап жатабыз. Свердлов районунун акимиаты жана №20 МАБдын кызматкерлери көлдүн айланасына тыюу белгилерин орнотушту. Урматтуу шаардыктар! Биз сиздерден үйдө болууңуздарды суранабыз. Көлдөр калаада эпидемиологиялык абал жакшырганда гана ачылат", - деп билдиришти мэриядан.

Ошондой эле кырсык болгон учурда 101, 112 куткаруу кызматтарына кайрылыңыздар.

Тектеш кабарлар:
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан