Ири жарылуу катталган Бейрут шаарында кайрадан өрт чыкты

Кечээ, 10-сентябрда Ливандын борбору Бейрут шаарындагы порттун аймагында ири өрт чыкты. Бул тууралуу видео социалдык тармактарга тарады.

Маалыматка ылайык, порттон чыккан ири өрт кечинде өчүрүлгөн. Өрт порттогу күйүүчү-майлоочу материалдар жана автоунаа дөңгөлөктөрү сакталган кампадан чыккан. Өрттү өчүрүүгө тик учактар жана өрт өчүрүүчүлөр менен жалынды чектей турган аскер күчтөрү келген. Азырынча жабыркагандар тууралуу маалымат жок.

Ал эми өлкө президенти Мишель Аун Бейрут портундагы жарылууга тышкы күчтөрдүн тиешеси болушу мүмкүн экенин билдирди. "Бүгүнкү өрт атайын жасалган саботаж актысы же техникалык катадан улам чыккан болушу мүмкүн", - деп билдирген ал.

Эске салсак, 4-августта Ливандын борбору Бейрут шаарындагы деңиз портунда катуу жарылуу болгон. Анда 2750 тонна аммиак селитрасы жарылып кеткени айтылган. Кырсыктан 190дой адам каза болуп, беш миңден ашык тургун жабыркаган. Бул окуядан кийин бийликке карата нааразычылыгын билдирип, көчөгө чыккандар көбөйгөн.

Бейрутта кайрадан өрт чыкты
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан