Кытайдын Чжухай шаарындагы мейманкананын жанында катуу жарылуу катталды. Жабыркагандар бар

Кытайдын Гуандун провинциясындагы Чжухай шаарындагы мейманкананын жанында катуу жарылуу катталды. Бул тууралуу чет элдик маалымат булактары жазып чыгышты.

Жазылган маалыматка ылайык, окуя 11-сентябрда жергиликтүү убакыт боюнча саат 4:00дө Чжухайдын Доумэнь районунда болгон. Жарылуудан 3 адам жаракат алган. Алар ооруканага жеткирилип, учурда издөө жана жарылуунун себептерин тактоо иштери улантылып жатат.

Мындан сырткары жарылуу болгон жерге жакын жайгашкан турак үй, соода дүкөндөрү жабыркаган.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан