Тажикстандын Хатлон облусунда 30 жаштагы аял төрт баласын муунтуп өлтүрдү. Бул тууралуу аталган өлкөнүн жергиликтүү маалымат булактары жазышууда.
Маалыматка ылайык, каргашалуу окуя 9-сентябрда чак түштө болгон. Өлкөнүн Ички иштер министрлиги бул фактыны тастыктап, учурда аял камакка алынганын билдирген.
"Аялдын аты-жөнү Назокатхон Т. Анын айтымында, окуядан эки күн мурун ал балдары менен агасынын үйүнө келген. Күйөөсү курулушта иштегендиктен, каргашалуу күнү күйөөсү үйдө болгон эмес. Балдар 10, 8, 4 жана 1 жашта болгон. Өз канынан жаралган чүрпөлөрүн өлтүргөн эне кылмышты дароо моюнуна алган.
Жаш энени мындай оор кылмышка түрткөн себептер азырынча белгисиз", - деп жазылат маалыматта.
Тажикстандын күч органдары, прокуратура тарабынан окуяга байланыштуу тергөө иштери жүргүзүлүп жатат.