Конгодо кен казуу шахтасы урап, 50 адам каза болду

Конго Демократиялык Республикасынын чыгышында жайгашкан "Детройт" кен казуу шахтасы урап түшүп, 50 адам каза болду. Бул тууралуу дүйнөлүк басылмаларда жазылды.

Анда жазылгандай, шахтанын урап калышына нөшөрлөп жааган жамгыр себеп болгон. Кырсык кечээ, 11-сентябрда катталып, анын кесепетинен 50 адам каза болгон. Урап калган шахта канадалык "Banro Corporation" компаниясына таандык болгон.

Азыркы учурда издөө иш-чаралары улантылып жатканы жазылат маалыматта.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан